Биз менен байланышыңыз

«Конституция өзгөрсө, бир топ мамлекет жардамын токтотот»

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Ноя 2020 | 1437 | 0

Конституция өзгөрсө, бир топ мамлекет Кыргызстанга жардам берүүнү токтотот. Анткени алдыда Башмыйзамга ири өзгөртүүлөр кирип, ал адам укугун, эркиндикти, демократияны чектейт. Мындай пикирин саясатчы Равшан Жээнбеков «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Жаңы Конституцияны көбүрөөк талкуулап, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун, саясатчылардын позициясын угуп, андан соң туура чечимге келүү керек. Ошондо гана карыз алууну оорлоткон абалдан чыгабыз. Жаңы Башмыйзамга ылайык, президент каалаганын кылат. Бул — жаман карыздарды алууга шарт түзүп, карыздарды кайтаруу мүмкүнчүлүгүбүздү төмөндөтөт. Анткени мамлекет авторитардык башкарууга өтө турган болсо, тыштан карыз алуу жана кутулуу оор боло баштайт. Бизге тыштан каражат келбей калды. Анткени пандемияда бөлүнгөн каражаттарды туура эмес пайдаландык. Бийлик алмашкандан бери өлкөдө легитимдүү бийлик орногонго чейин көптөгөн эл аралык уюмдар жардамдарын токтотуп койду», — дейт Жээнбеков.

Анын айтымында, тышкы карыздар үчүн жоопкерчиликти коомчулук алышы керек, башкача айтканда, карыз алынарда көзөмөл жүргүзүшү керек.

Copyright © 2017 Maral FM