Биз менен байланышыңыз

Бейтаптардын абалын билип туруу үчүн Телеграм канал иштелип чыкты

Кыска кабар | 18 Ноя 2020 | 492 | 0

Саламаттыкты сактоо министрлигинин адистери стационарда дарыланып жаткан бейтаптардын абалынан кабар алып туруу үчүн Телеграм канал иштеп чыгышты.

Оорулуу адам ден соолугуна байланыштуу сүйлөшө албаган же байланышка чыгууга мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда бейтаптын жакындары саат 09:00дөн 18:00гө чейин Телеграм каналга билдирүү жөнөтүп, ооруп жаткан адамдын акыбалын сурап турса болот.

Жакын адамыңыздын абалын билүү үчүн төмөнкү маалымат керектелет:

-Бейтаптын аты-жөнү жана туулган жылы;

-Бейтап жаткырылган стационар;

-Бөлүмү (мүмкүнчүлүккө жараша палатанын номери).

Ошондой эле бейтап менен туугандык мамилени тастыктоо үчүн төмөнкү документтердин бири талап кылынат:

-Нике тууралуу күбөлүк;

-Туулгандыгы тууралуу күбөлүк (балдар үчүн).

Бул маалыматка паспорттун сүрөтү тиркелиши зарыл.

Жеке маалыматтардын коопсуздугу үчүн ПИН-кодду жана паспорттун номерин жашырып коюу керек. Кайрылуу келгенден кийин бейтаптын абалы тууралуу маалымат жеке билдирүүгө жөнөтүлөт.

Байланыш жүргүзүлүүчү аккаунт: @akwatov https://t.me/infohospital

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM