Кыргызгидромет борбору эртең, 19-ноябрда түнкүсүн жана күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаайт.
Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө: түнкүсүн -7 … -12, күндүз -2 … -7;
Талас облусунда: түнкүсүн -10 … -15, күндүз -4 … -9;
Ош, Жалал-Абад облустарында: түнкүсүн -3 … -8, күндүз -4 … +1;
Баткенде: түнкүсүн -3 … -8, күндүз 0 … -5;
Ысык-Көл облусунда: түнкүсүн -1 … -6, күндүз -3 … +2;
Нарын облусунда: түнкүсүн -3 … -8, күндүз 0 … -5;
Бишкекте 19-ноябрда түнкүсүн жана күндүз кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -8 … -10, күндүз -4 … -6 градус суук болот.