Биз менен байланышыңыз

Навальный Песковду сотко берди

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Ноя 2020 | 365 | 0

Оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный Орусия президенти Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песковду сотко берди. Бул тууралуу «Коммерсанть»  сайты жазды.

Навальный Песковду өзүнүн дарегине айтылган каралоосу үчүн айыптап, ар-намысын коргоо максатында ушундай кадамга барганын айтууда. Ошондой эле Навальный жоопкер тараптын мурда айыптагандарын жана учурдагы Песковдун маалыматын төгүндөп, Кремль сайтына билдирүү чыгарууну талап кылууда. Ал эми каржылай талап тууралуу арызда сөз болгон эмес.

Октябрдын башында Песков журналисттерге Кремлде Алексей Навальныйдын чалгын кызматынын адистери менен иштешкени тууралуу маалымат бар экенин, ошондой эле чалгын кызматы ага ар кандай тапшырмаларды берерин билдирген.

Өзүнүн дарегине айтылган мындай «каралоону» Навальный негизсиз деп атап, жооп катары соттошорун айткан.

Copyright © 2017 Maral FM