Биз менен байланышыңыз

Ошто мектеп мугалимдери жаңы директорго нааразы

Кыска кабар | 16 Ноя 2020 | 517 | 0

Ош шаарындагы А. С. Макаренко атындагы №6 мектеп-гимназиясынын мугалимдери жаңы директордун дайындалышына каршы митингге чыгышты. Бул тууралуу мугалимдердин бири кабарлады.

Маалыматка ылайык, мектеп-гимназияны 10 жылдан бери Акылбек Ташбаев жетектеп келген. Бүгүн, 16-ноябрда анын ордуна Елена Будникова директор болуп дайындалды. Бирок мекеменин эмгек жамааты мындай чечимге каршылыгын билдирип, иш таштоого барышты.

«Бизди мектепке чакырып, кокус эле директорубуз алмашканын айтып, ротацияга байланыштуу ушундай өзгөрүүлөр болгонун маалымдашты. Акылбек агай жакшы иштейт, биз көнгөнбүз. Жаштарды колдоп, мугалимдерге кам көрүп, сурап турат эле. Ушундай мыкты жетекчибизди иштен алып коюшту. Эмгек жамаат жаңы директорду тааныбайбыз. Себеби ал тууралуу маалыматыбыз жок. Акылбек Мазановичти ордунда калтырышын каалайт элек», — деди мугалим.

Copyright © 2017 Maral FM