Биз менен байланышыңыз

USAID онунчу Борбор Азиялык соода форумун ачты

Кыска кабар | 16 Ноя 2020 | 272 | 0

Бүгүн, 16-ноябрда АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) онунчу Борбор Азиялык соода форумун ачты. АКШнын Кыргызстандагы элчилиги кабарлагандай, бул форум — Борбор Азияда жана башка чет өлкөлөрдө соода-сатыкты жүргүзүүнү, байланышты жөнгө салууну колдоого багытталган иш-чара.

Быйыл беш күндүк форумга 39 өлкөдөн, анын ичинде АКШ, Ооганстан, Грузия, Германия, Казакстан, Кыргызстан, Латвия, Литва, Орусия, Тажикстан, Түркия, Түркмөнстан, БАЭ, Улуу Британия, Украина жана Өзбекстандан 100 спикер, 4 миң ишкер катышат.

Быйылкы форумдун темасы «Борбордук Азия – өсүш жана өркүндөө» деп аталат. Форумда COVID-19 пандемиясынан кийинки экономиканы калыбына келтирүү мезгилинде Борбор Азия өлкөлөрүнүн базарларынын жаңы тренддери каралат.

Онлайн боло турган иш-чара 16-20-ноябрь күндөрү өтөт. Аны Zoom, Facebook Live жана YouTube сыяктуу түрдүү онлайн-платформаларында көрүүгө болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM