Биз менен байланышыңыз

Жапаров Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кыска кабар | 14 Ноя 2020 | 453 | 0

Бүгүн, 14-ноябрда, премьер-министр Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө өлкөлөрдүн эки жана көп тараптуу кызматташуусунун актуалдуу маселелери талкууланды.

Жапаров коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөштө Кыргызстанга көрсөткөн колдоосу үчүн Өзбекстан башчысына өзгөчө ыраазычылыгын билдирди.

Кыргызстан үчүн оор мезгилде өзбек тарап дары-дармек, жеке коргонуучу каражаттар, медициналык жабдыктар жана азык-түлүк түрүндөгү гуманитардык жардам жибергенин белгилеп өттү.

Жыйынтыгында Жапаров кыргыз тарап Өзбекстан менен стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да бекемдеп, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө даяр экендигин баса белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM