Биз менен байланышыңыз

«Насыя төлөөнү 30 күндөн кечиктирсеңиз, кийин насыя ала албай каласыз»

Блог , Экономика | 12 Ноя 2020 | 782 | 0

Биз бүгүн насыя тарыхы жана анын мааниси тууралуу «ИНКОМ» микрофинансы компаниясынын насыя башкармалыгынын башчысы Гүлкайыр Мусаева менен маектештик.

— Насыя тарыхы деген эмне? Ал кандай иштейт?

— Насыя тарыхы — бул: сиздин насыялык милдеттериңиз тууралуу маалымат. Ал жерде сиздин канча суммада, кандай шарт менен насыя алгаңыздан баштап, кайсы убакытта төлөгөнүңүзгө чейинки маалымат топтолот.

— Насыя тарыхы эмне үчүн керек, анын мааниси?

— Тобокелдиктерди азайтуу үчүн, каржы уюму жаранга насыя берүүдө насыя тарыхын жүргүзөт. Бул файлда жаран алган насыялар жана аларды төлөөнүн натыйжалары жөнүндө маалыматтар камтылган, же тескерисинче, ушундай эле башка файлда насыяны төлөөнүн кечиктирилиши же башка келишимдин шарттарын бузуу жөнүндө маалыматтар топтолуп калышы мүмкүн. Мунун бардыгы каржы институту менен насыя алуучунун ортосундагы мамилелерди курууга чоң таасир этет.

— Эгерде кардардын насыя тарыхы терс болсо, ал насыя ала алабы? Кантип?

— Эгерде кардардын насыя тарыхында маселе жаралып, мүчүлүштүктөр байкалса, каржы мекемелери насыя бербей коюшу мүмкүн. Бирок азыр каржы мекемелери кардарларга насыя берүүдө жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берип жатат. Чакан насыя алып, убагында төлөп, насыя тарыхыңызды оңдоо менен кийинки насыя алууга өзүңүзгө шарт түзүп аласыз. Аз убакытта жаңы насыя тарыхын пайда кыласыз.

— Кардар өзүнүн насыя тарыхын кайсы жерден билсе болот?

— Өзүңүздүн насыя тарыңызды сиз «Ишеним» насыя бюросунан текшерип, кагаз түрүндө маалымат алып алсаңыз болот. Паспортунуз менен барсаңыз, бир сааттын ичинде даярдап беришет.

— Насыя тарыхы начар кардарлар кандай кылышы керек? Аны жакшырта алабы?

— Жашоодо ар кандай жагдай болуп калышы мүмкүн. Кардарда олуттуу маселе жаралып, карызын төлөй албай жатса, каржы мекемесине кайрылып, жагдайын түшүндүрүп, насыя төлөмдөрүн узартууга же башка убакытка жылдырууга мүмкүнчүлүк ала алат. Бирок кардар, насыя төлөмдөрүн төлөбөй, каржы мекемесине кайрылбай, эч бир кадамдарды жасабай койгон учурда насыя тарыхы бузулат. Мунун кесепетинен кийин насыя ала албай, өзүнө оор шарт түзөт.

Насыя тарыхын тазалап, же жокко чыгарып салса болобу?

— Насыя тарыхты тазалап, же жокко чыгара албайсыз. Насыя тарыхыңыздын маалыматы 10 жыл архивде сакталып турат, аны жокко чыгарууга же өчүрүүгө мүмкүн эмес.

— Карыз төлөө канча күн кечиккенде насыя тарыхы бузулат?

— Карыз төлөөнү 30 күндөн кечиктирсеңиз, насыя тарыхыңызды бузуп аласыз да, кийин насыя ала албай каласыз. Ошол үчүн 30 күн ичинде карызыңызды төлөңүз, же маселе чыкса, каржы мекемесине кайрылып, насыя тарыхыңызды сактап калганга аракет жасаңыз.

Copyright © 2017 Maral FM