Биз менен байланышыңыз

«Социал-демократтар»: Алга Кылычов тергөө менен иштешүүдөн баш тартты

Кыска кабар | 10 Ноя 2020 | 453 | 0

Алга Кылычов Кой-Таш окуялары боюнча тергөө менен кызматташуудан баш тартты. Бул тууралуу «Социал-демократтар» партиясы тараткан билдирүүдө айтылат.

«Алга Кылычов өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга байланыштуу Кой-Таш окуясы боюнча тергөө менен кызматташуудан баш тартты, ал мурунку бийликтегилердин өч алуусунан коркпостон, тергөөчүлөрдүн кысымы, коркутуулары, мажбурлоосу, кыйноолору жөнүндө айтып берди», — деп жазылат маалыматта.

Партиянын пикиринде, Кой-Таш окуясына катыштыгы бар адамдардын тергөө менен кызматташуудан жапырт баш тартуусу мурдагы бийликтин ишти бурмалагандыгын көрсөтөт.

«Мурдагы бийликтин тушундагы саясий туткундар жаңы бийлик бул иштин акыйкат каралышын камсыз кылат деп ишенет».

Жазаны жеңилдетүү жолу — тергөө менен кызматташуу

Эске салсак, 2019-жылдын октябрь айында мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы, жарандык активист Алга Кылычов Атамбаевге каршы көрсөтмө бергени кабарланган. Андан кийин ал үй камагына чыгарылган.

Кылычов мындан тышкары, КСДПнын мүчөлөрү Кундуз Жолдубаевага, Амантур Жамгырчиевге, Мээрбек Мискенбаевге, Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевге каршы көрсөтмө бергенин Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев билдирген.

Кылычов 7-8-августта Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн кармоо учурунда башаламандык уюштурган деп айыпталып, камакка алынган. Ал Бишкектеги №1 тергөө абагынан шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына которулган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM