Биз менен байланышыңыз

Жазаны жеңилдетүү жолу — тергөө менен кызматташуу

Саясат | 10 Июн 2019 | 1157 | 0

«Мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин абактан бошотулушу көп саясатчынын түн уйкусун качырды. Алардын катарында ошол кездеги вице-премьер-министр Шамиль Атаханов да бар. Ал Ички иштер министрлиги тарабынан камакка алынып, кийин баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн. Мындай жеңилдикке анын тергөө менен кызматташуу ниети себеп болгон.  

Эми тергөө менен кызматташуу деген амалга токтололу. Бул — жаңы гана колдонулуп баштаган ыкма. Тагыраагы, жаңы кирген кодекстер менен бирге кабыл алынган. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи Мукар Чолпонбаевдин белгилешинче, тергөө менен кызматташкан адам күнөөсүн мойнуна алып, өзүнөн башка күнөөлүүлөрдү атап, далилдеп бериши керек. Ошого жараша жазасы жеңилдетилиши мүмкүн экенин айтты.

— Кимиси так көрсөтмөлөрдү берип, чындыктын бетин ачып бере турган болсо, биздин мыйзамда: «сот, тергөөчүлөр менен кызматташкан адамдарга жазаны жеңилдетүү мүмкүнчүлүгү бар», — деп белгиленген. Жетекчилик мына ушуну эске алып, ушундай кадамдарга барып жатат.

Тергөө менен кызматташууда шектүү башка айыпкерлердин атын атаган соң, анын күнөөлөрүн далилдеп бериши керек. Башка бирөөнүн атын атап коюусу жетиштүү эмес. Мындай пикирин юрист Нурбек Токтакунов айтып, учурдагы көрүнүш башкалардын атын атоо менен эле чектелип жатканын белгиледи. Аида Салянова да тергөө менен кызматташууга каршы болгону үчүн камалды деген божомолун келтирди.

— Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин жаңы ченемдеринин бири — тергөө менен кызматташтык. Бирок, тергөө менен кызматташканда айыпкер кылмышты далилдеп бергенге жардам бериши керек. Бул жакта башка кишиге көрсөтмө берсе эле, ошону кызматташтык деп эсептеп жатат. Бул — туура эмес. Тандалма коррупция менен күрөшүү жүрүп жатат. Мисалы, Салянованы камакка алуунун кажети жок болчу. Ал канча бош жүрдү. Менимче, Саляновага да: «Ошондой келишим түзөлү», — деген, бирок ал баш тарткан. Ошон үчүн камакка алынган.

Бирок мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун мындай пикирге кошулбайт. «Азиз Батукаевдин ишине байланыштуу тергөө иштери мыйзамдын негизинде эле жүрүп жатат», — деп эсептейт. Ал эми ага ар кандай сындарды айткандар мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогондор экенин белгиледи.

— «Атамбаевдин командасы бир жактуу болуп жатат», — деген сыяктуу сөздөрдү айтууда. Кандай бир жактуу? Бул туура эмес. Эч кимди тандап, эч ким аялган жок бул жерде. Алар камаларын сезип жатышат. Улам-улам жакындап, акыры ошол кездеги президентке барып такалып жатат. Анткени, ал киши көрсөтмө бербесе, бул иш бир суткада ишке ашпайт болчу.

Саясатчы Ишенбай Кадырбековдун баамында, жаңы кирген амалга азырынча баа берүү кыйын. Бирок анын арты менен кармалган саясатчылар башкалардын мыйзам бузууларын ачык айтып, тергөөгө жеңилдик түзүлүп жатат. Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгаруу ишинин кайра жанданышын жогору баалап, бул иштин аягына чыгышы керектигин белгиледи.

Жазык процессуалдык кодекси боюнча тергөө менен кызматташса, аларга жеңилдик берилет дегендин негизинде көп айыпталуучулар ачык айтып башташты. Бул жакшы нерсе, мен баалайм. Бир гана жагдай: ушуну саясатташтырбай туруп, мыйзамдын чегинде аягына чыгарса. Бул Кыргызстанга өтө пайдалуу, анан бүгүнкү бийликте турган адамдарга чоң сабак болот.

Кошумчалай кетсек, жаңы кабыл алынган Жазык процессуалдык кодексинде кызматташуу тууралуу каралган. Буга чейин мындай амал мыйзамда белгиленген эмес.

Эскерте кетчү жагдай, мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгуусу боюнча иш ушул жылдын январында жанданган. Ага ылайык, мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева камакка алынып, үй камагына чыгарылган. Баш прокурор Аида Салянова 26-июнга чейин камакка алынды. Ал эми Зарылбек Рысалиев да убактылуу кармоочу жайга алынып, ден соолугуна байланыштуу ооруканага жаткырылды. Ал эми вице-премьер-министр Шамиль Атаханов да кармалып, тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн. 2013-жылы түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусуна ылайык, Азиз Батукаевдин ишине байланыштуу 28 адам жоопко тартылышы керек болчу.

Copyright © 2017 Maral FM