Биз менен байланышыңыз

Роза Отунбаева Жо Байденди шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Кыска кабар | 9 Ноя 2020 | 418 | 0
Жо Байден, Камала Харрис

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева Америка Кошмо Штаттарында президенттик шайлоодо жеңип чыккан Жо Байденди куттуктады.

Бул тууралуу Отунбаева Твиттердеги баракчасына жазды.

«Урматтуу Жо Байден жана Камала Харрис! Сизди татыктуу жеңишиңиз менен чын жүрөктөн куттуктайм. Кыргызстан дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндөй эле, жаңыча мамиле баштоону күтүп жатабыз. Дүйнө Америкага кайрадан суктангысы келет!», — деп жазды Отунбаева.

АКШда 3-ноябрда президенттик шайлоо өткөн. Анда алдын ала жыйынтыкка ылайык, Жо Байден жеңген.

Токаев Жо Байденди шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM