Биз менен байланышыңыз

Новиков бизнес өкүлдөрү менен жолугушту

Кыска кабар | 8 Ноя 2020 | 375 | 0

Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Кыргызстандын Бизнес Курамасы (КБК) өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда Артем Новиков иш-чаранын катышуучуларына Өкмөт тарабынан экономикалык тармакта жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымдады, ошондой эле пландаштырылып жаткан реформалар тууралуу айтып берди.

Өз кезегинде Кыргызстандын Бизнес Курамасынын өкүлү Аскар Салымбеков Кыргызстандын Бизнес Курамасын түзүү идеясы жана бизнестин пандемиядан кийинки мезгилдеги өлкө экономикасын тез арада калыбына келтирүүгө тийиштүү практикалык көмөк көрсөтүү зарылдыгы боюнча ниети тууралуу маалымат берди.

КБК мүчөлөрү аймактарды жана экономика тармактарын өнүктүрүүгө багытталган пландарга кыскача токтолушту, ошондой эле «БАРС» идеологиялык жана экономикалык өнүктүрүү программасын сунушташты.

Copyright © 2017 Maral FM