Биз менен байланышыңыз

Байден: Биз 74 миллион добуш алдык

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Ноя 2020 | 587 | 0

АКШнын президенттигине талапкер Жо Байден шайлоочуларына кайрылуу жасады. Анда ал негизги штат деп саналган Пенсильвания жана Джорджияда жеңишке жетериен ишенерин билдирген. Бул ишке ашса, президент болуу үчүн жетиштүү добушка ээ болорун жар салган.

-Мен бул шайлоодо америкалыктардын көпчүлүгүнүн колдоосу менен жеңип чыгам. Биз 74 миллион добуш топтой алдык. Мен кайталап айтам, 74 миллион. Бул АКШнын тарыхында биринчи жолу болуп жаткан көрүнүш. Биз президенттиктин алгачкы күнүнөн тарта вирусту токтотуунун планын ишке ашырууга киришебиз. Биз, тилекке каршы, каза болгондорго жардам кыла албайбыз. Бирок алдыда көптөгөн өмүрлөрдү сактап калабыз.

АКШдагы президенттик шайлоодо демократчылардын атынан чыккан Дж Байден 50,6% добуш алган. Ал эми республикачыл Трамп 47,7 пайызга ээлик кылган. Шайлоо коллегияларынын жыйынтыгын алганда, азыр Байденде 264, Трампта 214 добуш бар. Президент болуу үчүн алардын саны 270тен өтүүсү керек.

Copyright © 2017 Maral FM