Биз менен байланышыңыз

Казакбаев Ташкентте өзбекстандык кесиптеши менен жолугушту

Кыска кабар | 5 Ноя 2020 | 345 | 0

Бүгүн, 5-ноябрда Ташкент шаарында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Өзбекстандын Тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов жолугушту. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Жолугушууда министрлер Кыргызстан менен Өзбекстандын саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-коммуникациялык, суу чарба жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташтык тууралуу, ошондой эле коронавирус боюнча кырдаалды, COVID-19га каршы күрөштө биргелешип аракет көрүү маселелерин талкуулашкан.

Руслан Казакбаев Казакстандан жардам сурады

Тышкы иштер министри бул кызматка октябрда дайындалды. Андан бери Орусияга, Казакстанга, Өзбекстанга иш сапарларды жасап жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM