Биз менен байланышыңыз

Руслан Казакбаев Казакстандан жардам сурады

Кыска кабар | 29 Окт 2020 | 1602 | 0

29-октябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстандын Тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди менен жолугушуу өткөрдү.

Анда Руслан Казакбаев Кыргызстандагы саясий абал турукташканын айтып, өлкө эл аралык милдеттенмелерин аткарууга толук даяр экенине ишендирди.

Ошондой эле жаңы өкмөт чет өлкөлүк, анын ичинде казакстандык  инвесторлордун укугун коргоо боюнча бардык аракетин жумшай турганын айтты.

Министрлер саясий, соода-экономикалык, маданий гуманитардык, миграциялык кызматташтыкты да талкуулашты.

Руслан Казакбаев казак тараптан Кыргызстанга кайтарымсыз негизде дары-дармек, жеке коргонуучу каражаттарын жеткирүүнү өтүндү.

Мындан тышкары, финансылык-техникалык жактан да жардам көрсөтүүнү суранганы кабарланды.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 28-октябрда Казакстанга иш сапары менен барды.

Иш сапардын жүрүшүндө Казакбаев Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушары айтылган.

Ошондой эле казакстандык кесиптеши Мухтар Тлеуберди жана бир топ мекемелердин, жеке уюмдардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрөрү кабарланган.

Руслан Казакбаев 22-24-октябрда Орусияга иш сапары менен барып келди. Анда ал Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугуп, кыргыз-орус кызматташтыгынын саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү актуалдуу маселелери талкууланды.

Copyright © 2017 Maral FM