Биз менен байланышыңыз

Грузияда оппозициялык блок депутаттык мандаттарынан баш тартууда

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Ноя 2020 | 239 | 0

Грузияда «Бирдиктүү улуттук кыймыл» башында турган оппозициялык блок депутаттык мандаттарынан баш тартууну чечти. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы жазды.

«Кавказ жаңырыгы» басылмасына блоктун лидерлеринин бири Ника Мелия кабарлагандай, алардын максаты – эркин шайлоо өткөрүү.

Буга чейин Грузиядагы оппозициялык партиялардын бири «Европачыл Грузия» 31-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын адилетсиз деп атап, экинчи айлампага бойкот жарыялай турганын билдирген. Партиянын лидери Давид Бакрадзе 2-ноябрда журналисттерге: «Парламенттик шайлоо эркин жана калыс өткөн жок», — деген.

Оппозициялык күчтөр Грузияда 8-ноябрда ири нааразылык акция өткөрүүнү пландап жатышат.

Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, олигарх Бидзина Иванишвили түзгөн бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы добуштардын 48,15%, «Бирдиктүү улуттук кыймыл» кирген оппозицилык блок 27,14%, ал эми «Европачыл Грузия» партиясы 3,78% добуш алганы кабарланган.

Мындан сырткары дагы алты партия парламентке келүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн бир пайыздык босогодон өткөн.

Бул ирет Грузияда шайлоо жаңы система менен өттү. Ага ылайык, парламенттеги 150 мандаттын 120сы партиялык тизме менен, ал эми калган 30 депутат бир мандаттуу округдан келет.

Булардын ичинен 15 округда добуш берүүнүн экинчи айлампасы өткөнү жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM