Биз менен байланышыңыз

АКШда президенттик шайлоо башталды

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Ноя 2020 | 430 | 0

3-ноябрда АКШда алгачкы шайлоо тилкеси Нью-Гэмпшир штатындагы Диксвилл-Нотч айылында ачылды. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы жазды.

«Би-Би-Синин» орус кызматы алгачкы жыйынтыктар 3-ноябрдан 4-ноябрга караган түнү чыга баштаарын кабарлады.

Президенттик шайлоодогу талапкерлер – республикачылар көрсөткөн учурдагы президент Дональд Трамп менен Демократиялык партиянын талапкери Жо Байден.

77 жаштагы Байден Огайодо кайрадан Трамптын пандемияга каршы күрөшүүдөгү ишин сындаган. «Эртең элди экиге бөлгөн президенттин мөөнөтү бүтөт», — деген Байден.

Ал Трампты «алсыз» деп атаган. Андан соң Байден Пенсильванияга барган. Бул аймакта сурамжылоолор боюнча Байден алдыда келатат, бирок 2016-жылдагы шайлоодо бул аймакта Трамп жеңишке жеткен.

Питтсбургда Байден эмгек кошуундарынын мүчөлөрү жана афроамерикалык шайлоочулар менен жолуккан. Ал жактагы автожүрүшкө поп-жылдыз Леди Гага кошулган.

74 жаштагы Трамп добуш берүүнүн алдындагы маанилүү күндө Түндүк Каролинага барды. Бул жерде да талапкерлер ортосунда катуу күрөш жүрүүдө. Трамп кыдырган Мичиган, Висконсин менен Пенсильванияда да сурамжылоолордо Байден лидер аталууда.

Трамп Түндүк Каролинада шайлоочулардын алдында сүйлөп жатып: «Байденди колдогондор элдин оозун жаап, баарыңарды жазалагысы келип турган коммунисттерге, социалисттерге, эки жүздүү бай либералдарга жол ачып берет», — деди.

Бул жолу АКШда 97 миллион шайлоочу алдын ала добуш берди. Көптөгөн бюллетендер почта менен жөнөтүлгөндүктөн, добуштарды саноо бир нече күнгө созулушу ыктымал.

Бул шайлоонун алкагында америкалык шайлоочулар Өкүлдөр палатасындагы 435 орунду жана Сенаттагы 35 мандатты, ошондой эле 11 губернатордук кызматты жана жергиликтүү бийлик органдарындагы ар түрдүү кызматтардын тагдырын да аныкташат. Мындан тышкары бир катар маселелер боюнча референдум да өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM