Кыргызстанда коронавирус жуктурган медициналык кызматкерлердин жалпы саны 3605ке жетти. Акыркы бир сутка ичинде 3 медиктен вирус аныкталды.
Алар — Бишкек шаарында, Ош облусунда, Баткен облусунда.
Ошол эле акыркы бир сутка ичинде үй карантининдеги 7 медкызматкер айыкты.
COVID-19 вирусу 3605 медикке жугуп, анын 3309у сакайды.