Биз менен байланышыңыз

Райымбек Матраимов эмне себептен камалган жок. Жапаровдун түшүндүрмөсү

Кыска кабар | 22 Окт 2020 | 289 | 1

Президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовду камап койгон менен маселе чечилбей турганын айтты.

Ал «ЭлТР» телеканалына берген маегинде Райымбек Матраимовду үй камагына чыгарып, бюджеттен өөнөлгөн акчаны кайра кайтарып алуу чечими туура болгонун айтты.

«Эми аны камап койсок деле болот. Бирок анын мурда коррупцияга аралашкан иштери, мүлкү, акча каражаттары боюнча сот процесси жылдап созулат. Анын баарын конфискация кылуу үчүн сот чечими болушу керек. Өзү камакта отурса, эсептеринен бир да киши акча ала албайт. Ошондуктан Матраимовду үй камагына чыгардык, ал чет өлкөгө да чыга албайт, көзөмөлдө болот. Мен бул туура чечим деп ойлойм. Буга чейин канча деген коррупционерлер камалып, бирөө да акча төккөн эмес. Мисалы, ошол эле Алмазбек Атамбаев, Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимов, каймана аты бар «шоопур». Бирок аларды мамлекеттин эсебинен багып жаттык. А Райымды башкача метод менен кармап атабыз. Бул жерде жеке кызыкчылык жок», — дейт Жапаров.

20-октябрда УКМК тарабынан Райымбек Матраимов кармалган. Мекеме ал бажыда иштеп турганда, тагыраагы, 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүлгөнүн аныктаган. Ошол эле күнү кечинде Райымбек Матраимовдун баш коргоо чарасы каралып, ал соттун чечими менен үй камагына чыгарылган. Тергөө менен кызматташып, бюджетке 2 млрд сом төлөп берүүгө макул болгон.

1 пикир

1 пикир

  1. Сергул

    22.10.2020 18:22

    Эн туура чечим.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM