Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Төрт бейтап каза болуп, 547 адам жаңы катталды

Кыска кабар | 22 Окт 2020 | 466 | 0

22-октябрда Кыргызстанда COVID-19 илдетинен төрт: Баткен облусунан бир , Бишкек шаарынан эки, Ош облусунан бир бейтап каза болду. Муну менен коронавирустан каза тапкандардын жалпы саны 1122ге жетти.

Акыркы суткада COVID-19 илдетин жуктурган 547 адам катталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында менен Баткен облусунда.

Бишкек шаары — 123;
Ош шаары — 52;
Чүй облусу — 76;
Ош облусу — 85;
Талас облусу — 15;
Нарын облусу — 4;
Ысык-Көл облусу — 23;
Жалал-Абад облусу — 79;
Баткен облусу — 90;

Кыргызстанда жалпы 54 миң 6 адам коронавирус жуктуруп алган.

Акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 282 бейтап сакайды.

Алар:

Бишкек шаары — 41;

Ош шаары — 29;

Чүй облусу — 26;

Ош облусу — 72;

Талас облусу — 13;

Нарын облусу — 2;

Ысык-Көл облусу — 18;

Жалал-Абад облусу — 58;

Баткен облусу — 23;

Өлкөдө вирустан айыккандардын саны 46 миң 726га жетти.

Copyright © 2017 Maral FM