Биз менен байланышыңыз

Трамп: Кытай да, Орусия да АКШга көз артышат

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Окт 2020 | 315 | 0

АКШ президенти Дональд Трамп Американын өзөктүк куралдары башка өлкөлөрдүн бири да жетише элек деңгээлге көтөрүлгөнүн айтты. Бул тууралуу Ак үйдүн башчысы Аризонадагы тарапкерлери менен жолугушууда билдирди.

«Куралдуу күчтөрдү өнүктүрүүгө 2,5 триллион доллар жумшадык, дүйнөдөгү башка өлкөлөргө салыштырмалуу эң мыкты жабдууларга ээбиз. Биз өзөктүк куралыбызды башкалар жетише элек деңгээлге көтөрдүк», — деди АКШ лидери.

Анын айтымында, Кытай да, Орусия да ушундан улам АКШга көз артышат.

«Бизде жаңы ракеталар, снаряддар, кемелер, танктар, укмуштуудай F-35 истребителдери, жаңы танкерлер бар. Бизде бардыгы бар. Мындай техникалар эч кимде жок, айрыкча гипер үнү бар ракеталар», — деди Трамп.

Ошол эле учурда, мамлекет башчы америкалык гипер үндүү ракеталар өз атаандаштарына караганда жети эсе ылдамыраак экендигин айтты.

Эскерте кетсек, буга чейин Трамп Орусиянын АКШдагы окуялар жөнүндө уурдалган маалыматтардын негизинде өзүнүн гипер үнү куралын жараткан деп айыптаган.

Copyright © 2017 Maral FM