Биз менен байланышыңыз

Казакстан спортчуларына чет өлкөгө чыгууга тыюу салды

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Окт 2020 | 366 | 0

Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу казак спортчуларынын чет өлкөгө чыгуусуна тыюу салганын «Vesti.kz» агенттиги жазды.

«Дүйнөдө оору күч алып жатканына байланыштуу чек арадагы көзөмөлдү күчөтүү максатында спортчуларга окуу-машыгуу жыйындарына жана мелдештерге баруу үчүн өлкөдөн чыгууга тыюу салынат. Украинадан, БАЭден, Германиядан жана Беларусиядан учкан учактардын саны кыскартылды. Эл аралык жүк ташуучу айдоочуларга коронавируска каршы тесттен өтүү талабы коюлду» , — деп айтылат министрликтин расмий билдирүүсүндө.

Казакстанда акыркы суткага карата COVID-19 менен ооругандардын жалпы саны 109 миң 508ге жетти. 105 030 адам коронавирустан айыгып, 1796 адам каза болгон.

Copyright © 2017 Maral FM