Биз менен байланышыңыз

Казакстандын үч облусунда карантин чаралары күчөтүлдү

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Окт 2020 | 317 | 0

Казакстандын үч облусунда кайрадан карантин күчөтүлдү. Бул аймактардагы кырдаал жаз мезгилиндеги бүткүл Казакстандагыдай болууда. Көпчүлүк ишканалардын жумуш убактысы кыскарып, конок тосууга, конокко барууга тыюу салынды. Эми спорт залдар иштебейт, азык-түлүк дүкөндөрүнүн жана базарлардын иштөө убактысы кыскартылып, айрым жайларда кайрадан өткөрмө пункттары орнотулду. Жергиликтүү бийлик азырынча бул эң катаал чаралар эместигин жана алар кеминде эки жума бою күчүндө болорун белгилешти. Алматыда азырынча чектөө кире элек, бирок жергиликтүү бийлик шаар тургундары санитардык эрежелерди бузса, катуу карантин чаралары киргизиле тургандыгын эскертишүүдө.

Азырынча Казакстанда үч гана аймагы катуу карантинге алынды: Түндүк Казакстан, Мангыстау жана Атырау. Акыркы эки облуста карантин чаралары 13-октябрда киргизилди. Бийлик муну ооруну жуктуруп алган адамдардын саны кескин көбөйгөндүгү менен байланыштырууда.

Башка аймактарда дале чектөө чаралары колдонулбай келет, ал эми коомдук жайларда беткап тагынуу милдеттүү талап бойдон калууда. Көңүл ачуучу жайлардын көпчүлүгү жабык турат.

Бир жума мурун өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги COVID-19 менен ооругандардын саны көбөйгөнүн билдирген. Бүгүнкү күнгө чейин коронавируска чалдыккан 108 миң 901 бейтап катталып, 1771 адам көз жумган.

Copyright © 2017 Maral FM