Биз менен байланышыңыз

Тажикстандагы шайлоо тууралуу чет элдик ЖМКлар эмне дейт?

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Окт 2020 | 371 | 0

Тажикстанда 11-октябрда алтынчы президенттик шайлоо өттү. Добуш берүүнүн алдын-ала жыйынтыгы жана БШКнын маалыматы боюнча, шайлоодо учурдагы мамлекет башчысы Эмомали Рахмон жеңип чыккан.

Эмомали Рахмон Тажикстандын президенттигине 1992-жылдын 27-ноябрында шайланган. Ошондон тарта, тактап айтканда, 28 жылдан бери иштеп келе жатат.

Тажик маалымат каражаттары шайлоону расмий чагылдырып, көптөгөн чет элдик ЖМКлар: «Эмомали Рахмондун жеңиши көпчүлүк үчүн күтүүсүз болгон жок», — деп жазышты.

Германиянын «Deutsche Welle» телерадиокомпаниясы: «Шайлоого дагы төрт талапкердин расмий катышкандыгына карабастан, Рахмондун кийинки, катары менен бешинчи жеңишинен эч ким шек санаган жок», — деп жазат.

«Александр Лукашенко эмес, бардык постсоветтик лидерлерге караганда тажик лидери көп отурган», — деп белгиледи «DW».

«Al jazeera’дагы» макаланын авторлору жаңы мөөнөттү эске алганда, эми Эмомали Рахмон Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин мөөнөтүнөн алдыда болорун баса белгилешти.

Дагы бир басылма Рахмонду кийинки шайлоодо да жеңиш күтүп жаткандыгын белгилейт. «Эмомали Рахмондун 11-октябрдагы шайлоодо бешинчи жолу катары менен жеңишке жетишкендиги күтүлгөн окуя болду», — деп жазат «Коммерсант».

Өз кезегинде «Настоящее Время» телеканалы: «Эмомали Рахмондон башка талапкерлер үчүн дээрлик үгүт иштери болгон жок. Алар жөнүндө маалымат баракчалары кагазга басылып, негизинен дүкөндөрдүн жана мамлекеттик мекемелердин терезелерине чапталган. Натыйжада, альтернативдүү талапкерлердин бири дагы шайлоодо 3 %дан ашык добуш ала алган жок», — деп жазды.

Укук коргоочу Стив Свердлов «The Diplomat» гезитине билдиргендей, шайлоо — жөн гана формалдуулук. «Тажикстандагы шайлоо учурдагы президенттин дагы жети жыл президент болушун мыйзамдаштыруу үчүн расмий жол-жобо экендигин эске алганда, Батыш Европада көпчүлүгү бул шайлоолорго көңүл бурушкан жок», — деди укук коргоочу.

Ал эми ШКУ жана КМШнын байкоочулар миссиясы өткөн шайлоону мыйзамдуу деп тааныды.

Copyright © 2017 Maral FM