Биз менен байланышыңыз

Трамп вирус жуктургандан бери алгачки ирет коомчулукка чыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Окт 2020 | 322 | 0

АКШнын президенти Дональд Трамп бир жума мурун коронавирус менен ооруканага жатып, толугу менен айыгып чыкканын, кайрадан шайлоо үчүн күрөштү улантууга даяр экендигин билдирди.

«BBCнин» маалыматына ылайык, Трамп дүйшөмбү күнү кечинде Флоридадагы тарапташтарынын митингинде сүйлөдү. Ал «Air Force One» президенттик учагында беткапсыз келген. Бул боюнча: «Мен башымдан өткөрдүм. Эми, алар айткандай, менин иммунитетим бар», — деп түшүндүрдү.

Президент өзү менен кошо «Трамп» деген жазуусу бар желим баштыкка мөөр басылган кызыл беткаптарды ала келип, элге чачып жиберген.

Бул жолу да ал: «Дагы бир ирет шайланып калсам, ар бир америкалык коронавирусту дарылоо үчүн өзү колдонгон дары-дармектерге ээ болот», — деген убадасын кайталады.

Азырынча коомдук сурамжылоолорго ылайык, демократ Жо Байден президенттик жарышта Дональд Трамптан 10 упай алдыда баратат.

Copyright © 2017 Maral FM