Биз менен байланышыңыз

Орусияда коронавирустун рекорддук чеги катталды

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Окт 2020 | 472 | 0

Бир суткада Орусияда коронавируска чалдыккан 12 миң 126 адам катталды. Бул — пандемия башталгандан берки эң жогорку рекорддук көрсөткүч. Буга чейин вице-премьер-министр Татьяна Голикова 11-майда эң жогорку чеги делип, 11 миң 656 адамдан оору аныкталгандыгын билдирген. Ошондой эле өткөн суткада 201 адам каза болуп, 7092 бейтап айыккан.

Жаңы катталган бейтаптардын көпчүлүгү Москвада, Санкт-Петербургда жана Москва облусунда болгон. Борбор калаада бир жумада илдетке чалдыккандардын саны 53 %га көбөйдү, күнүнө миңден ашуун бейтап ооруканага жаткырылууда. Учурда 250 адам жасалма дем алдыруучу аппаратта жатат.

Бир күн мурун 11 миң 493 адамдан оору табылып, 191 адам көз жумуп, 7054 адам айыгып чыккан. Орусияда эпидемия башталгандан бери 1  млн 272 миң 238 адам коронавирус жуктуруп алган, алардын 22 миңден ашыгы каза болуп, миллиондон ашыгы айыккан.

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун эсептөөлөрү боюнча, коронавирустун саны 36 миллиондон ашып, анын ичинен 1,04 миллиону каза болду. Жонс Хопкинс университетинин статистикасы боюнча, коронавирус жуктургандардын саны боюнча алдыңкы үчтүктө Америка Кошмо Штаттары, Индия жана Бразилия, төртүнчү орунда Орусия, андан кийинки орундарда Колумбия, Аргентина, Испания, Перу, Мексика, Франция, Түштүк Африка, Улуу Британия, Иран жана Чили турат.

Copyright © 2017 Maral FM