Биз менен байланышыңыз

Таалайбек Сарыбашов кайрадан Ош шаарынын мэри болду

Кыска кабар | 7 Окт 2020 | 1139 | 0

Таалайбек Сарыбашов кайрадан Ош шаарынын мэри кызматына келди. Бул тууралуу аталган мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн Сарыбашовдун тарапташтары Ош шаарынын борбордук аянтында митинг уюштуруп, анын кызматка келүүсүн талап кылышкан.

«Ош шаарына стабилдүүлүктү орнотуу максатында эл тарабынан шайландым» деген «Бир Бол» партиясынын талапкерлеринин тизмесинде 13-орунга катталган Дүйшөн Төрөкулов мэрлик кызматын Сарыбашовго өткөрүп берген.

Кечээ «Улуттар биримдиги» партиясынын лидери, Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматов Түркиядан учуп келген болчу.

Кечээ болгон митингдин катышуучулары Ош шаардык кеңешинин депутаттарынан чукул жыйын өткөрүүсүн талап кылышкан. Шаардык кеңештин депутаттары чукул жыйын өткөрүп, шаар мэри Таалайбек Сарыбашовго 31 депутат ишенбөөчүлүк көрсөткөн.

Бирок Таалайбек Сарыбашов арыз жазган эмес, ал сотко кайрыла турганын билдирген болчу. Кийин кайра арыз жазып кызматтан кеткенин кабарлаган.

Copyright © 2017 Maral FM