Биз менен байланышыңыз

Covid-19: Трамп Ак үйгө кайтып келди

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Окт 2020 | 493 | 0

АКШ президенти Дональд Трамп коронавирус инфекциясынан дарыланып жаткан Уолтер Рид атындагы аскердик-медициналык борборунан чыгып, Ак үйгө кайтты. Бул тууралуу ал Твиттердеги баракчасында жазды.

Трамп шайлоо алдындагы кампания иштерин улантууга убада кылды.

— Өзүмдү жакшы сезип турам, коронавирустан коркпоңуздар, сиздердин жашооңуздарды башкаруусуна мүмкүнчүлүк бербеңиздер, — деп жазган Трамп.

Бул арада анын оорусу канчалык олуттуу жана башкаларга жуктуруп алуу коркунучу канчалык деген сыяктуу суроолор жоопсуз турат.

АКШда Covid-19 менен 7,4 миллиондон ашык жаран катталган. Анын 210 миңден ашыгы каза болгон.

Copyright © 2017 Maral FM