Биз менен байланышыңыз

«Бир бол» эл аралык техникалык аудит жүргүзүүнү талап кылат

Кыска кабар | 5 Окт 2020 | 516 | 0

«Бир Бол» саясий партиясы шайлоонун жыйынтыгын тааныбайт жана Автоматтык эсептөөчү урналарга (АСУ) кийлигишүү болду деп эсептейт. Буга байланыштуу «Бир Бол» партиясы көз карандысыз эл аралык техникалык аудит жүргүзүүнү жана аудиттин жыйынтыктарын тез арада чыгарууну талап кылат.

Добуш берүүнүн купуялуулугу, массалык добуш сатып алуулар сыяктуу көптөгөн мыйзам бузуулардан сырткары оппозициялык партиялар алган добуштар менен Борбордук шайлоо комиссиясы берген маалыматтар дал келбегенин айтып, шайлоонун жыйынтыгы техникалык деңгээлде бурмаланды деп эсептей тургандыктарын билдирди.

— Биз өзүбүздүн шайлоочуларга ишенебиз, бирок бийлик башкарган IT-системага ишенбейбиз.

Бийлик миңдеген шайлоочуларга адилетсиз мамиле жасап, дагы бир жолу анык жүзүн көрсөттү. Биздин жарандар бул шайлоону легитимдүү деп эч качан тааныбайт, — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле аталган партия бардык партияларды шайлоонун жыйынтыктарын тааныбоого жана «Бир Бол» партиясынын билдирүүсүнө кошулууга, ошондой эле көз карандысыз эл аралык техникалык аудит жүргүзүүнү талап кылууга чакырды.

 

Copyright © 2017 Maral FM