Биз менен байланышыңыз

Карабахтагы чырда Азербайжандын үч миңден ашык аскери каза болгону айтылууда

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Окт 2020 | 6192 | 0

Тоолуу Карабахтагы куралдуу согуштун жүрүндө азербайжан армиясы 3 минден ашык аскерин жоготкон. Бул тууралуу өзүн эгемен деп жарыялаган Тоолуу Карабах республикасынын президентинин пресс-катчысы Ваграм Погосян фейсбуктагы баракчасында жазып чыкты.

Анын айтымында, каза болгондордун көпчүлүгү нейтралдуу зонада болгондуктан, алардын сөөктөрү ошол жерде калууда. Бирок бул маалыматты Азербайжан тарап ырастай элек.

Буга чейин Азербайжандын Коргоо министри Тоолуу Карабахтагы армяндын күч түзүмдөрү ири жоготууга учураганын маалымдаган болчу.

Эки тарап тең өзүндөгү жоготууларды азайтып айтып, каршы тарапты көбүрөөк жоготууга учурап жатканын билдирип жатышат.


Жээнбеков: Шайлоого менин аппаратымдын кийлигишүүсү минималдуу болду


Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Минсктеги тобу каза болгон аскерлердин сөөктөрүн алып чыгуу үчүн гуманитардык келишим түзүүнү сунуштаган. Эл аралык коомчулуктун ок чыгарууну токтотуу боюнча чакырыктарына карабастан, Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабахтагы салгылашуусун улантууда.

ЕККУнун Минск тобу 1992-жылы Тоолуу Карабахтагы жаңжалды тынчтык жолу менен чечүү жолдорун издөө максатында түзүлгөн. Орусия, Франция жана АКШ теңтөрагалык кылган топтун курамында Азербайжан, Армения, Беларусия, Германия, Италия, Швеция, Финляндия жана Түркия бар.

Эске салсак, 27-сентябрда Тоолуу Карабакта армян жана азербайжан аскер күчтөрүнүн ортосунда куралдуу кагылышуу болгон. Эксперттер аймактагы чыр-чатактын андан ары курчуп кетишинен жана Түркия менен Орусиянын Карабах үчүн согушка аралашуусунан чочулашат. Армения Орусия менен биргеликте Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) мүчөсү. Ошол эле учурда Түркия Азербайжанды колдой тургандыгын ачык жарыялады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM