Биз менен байланышыңыз

Гриппке каршы вакцинанын дагы 770 миң дозасы келет

Кыска кабар | 29 Сен 2020 | 443 | 0

Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин маалыматы боюнча, сасык тумоого каршы эмдөө үчүн биринчи этап менен 119 миң 643 вакцина сатып алынган.

Республикалык ыкчам штаб билдиргендей, вакциналар Кыргызстандын аймагына төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:

— Бишкек шаарына – 27000;

— Чүй облусуна – 24000;

— Ош шаарына – 5000;

— Ош облусуна – 18000;

— Жалал-Абад облусуна – 17643;

— Баткен облусуна – 9000;

— Ысык-Көл облусуна – 9000;

— Нарын облусуна – 5000;

— Талас облусуна – 5000 доза.

Бүгүнкү күндө вакцинанын 118 миң 682 дозасы же 99,2% колдонулду. Октябрь айында сасык тумоого каршы вакцинанын дагы 770 миң дозасы келери күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, республиканын бардык үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, үй-бүлөлүк медицина тобунда, ФАПтарда тобокел тобуна, ошондой эле аярлуу топко кирген адамдарга сасык тумоого каршы эмдөө акысыз жүргүзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM