Биз менен байланышыңыз

Казакстан өлүм жазасын толугу менен алып салды

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Сен 2020 | 407 | 0

Казакстан өлүм жазасын толугу менен алып салып, жазанын бул түрүн алып салуу боюнча эл аралык протоколго кошулду. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазды.

«Казакстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Кайрат Умаров өлүм жазасын алып салууга багытталган Эл аралык жарандык жана саясий пакттын экинчи факультативдик протоколуна кол койду», — деп Казакстандын Тышкы иштер министрлиги 24-сентябрда жарыялады.

Казакстандын бул документке кошулуу чечимин өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясынын жалпы дебатында сүйлөп жатып, жарыялаган.

Казак өкмөтүнүн өлүм жазасын алып салуу жана протоколго кошулуу ниети 2019-жылдын декабрында белгилүү болгон.

Өлүм жазасын колдонууга мөөнөтсүз мораторий Казакстанда 2003-жылдан бери иштеп келе жатат. Казакстанда өлүм жазасы терроризмге жана согуш кылмыштарына байланыштуу бир катар беренелер боюнча каралган.

2004-жылдан бери Казакстанда өлүм жазасынын ордуна өмүр бою эркинен ажыратуу колдонулуп келет. Өлкөдө өлүм жазасы бир гана жолу ишке ашкан. Ал  2016-жылы Алма-Ата шаарында 10 адамды атып өлтүргөн деп табылган «алма-аталык аткыч» Руслан Кулекбаевге карата колдонулган.

Copyright © 2017 Maral FM