Биз менен байланышыңыз

Нобель сыйлыгын тапшыруу аземи аралыктан өтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Сен 2020 | 329 | 0

Нобель комитети быйыл сыйлык тапшыруу аземине түзөтүүлөрдү киргизди. Уюштуруучулар физика, химия, адабият жана медицина жаатындагы сыйлыктар коронавирус пандемиясынын айынан аралыктан өткөрүлө тургандыгын билдиришти.

Сыйлык тапшыруу 10-декабрга белгиленген.

Швециянын борбору Стокгольмдо сыйлыктарды тапшыруу аземин  аралыктан өткөрүү үчүн чектелген сандагы адамдарды алып келүүчү телестудия түзүлөт.

Жеңүүчүлөр менен онлайн режимде байланышууга болот.

Нобель Тынчтык сыйлыгын тапшыруу ушул эле жол менен болот. Бирок сыйлык тапшыруу аземи Осло шаардык мэриясынын имаратында эмес, Осло университетинин аудиторияларынын биринде чектелген сандагы катышуучулар менен өткөрүлөт.

Нобель комитети ошондой эле Стокгольм шаарынын мэриясында жеңүүчүлөрдүн урматына арналган салттуу майрамдан баш тартуу чечимин кабыл алгандыгын ырастады.

«Бирок кеченин ордуна пианист Игорь Левиттин концертин беребиз»,-  деп убадалашкан.

Комитеттин аткаруучу директору Ларс Хайкенстен жаз айларында салтанаттуу иш-чара мүмкүн болбой калат деп тынчсыздангандыгын билдирди.

«Сыйлык тапшырууну ушул форматта өткөрүү оңой болгон жок. Бирок биз окумуштууларды угуп, пандемиянын талаптарын эске алып, этият болушубуз керек «, — деди Хайкенстен.

Мындан тышкары, 5-октябрдан 12-октябрга чейин созула турган Нобель жумалыгында жеңүүчүлөрдү жарыялоонун тартиби дагы өзгөрүлөт. Тактап айтканда, маалымат жыйындарына катышкан журналисттердин саны кыскартылат.

Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын ысымдары октябрь айында белгилүү болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM