Биз менен байланышыңыз

Нобель Тынчтык сыйлыгы БУУнун «Дүйнөлүк азык-түлүк» программасына тапшырылды

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Окт 2020 | 404 | 0

2020-жылы Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын ээси болуп БУУнун «Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк» программасы табылды. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрда Ослодогу Нобель комитети жарыялады.

Сыйлык ачарчылыкка каршы күрөшүү иштерине жана чыр-чатак болгон аймактарда тынчтыкты орнотууга жасаган аракеттер үчүн берилет.

2019-жылы Нобелдин Тынчтык сыйлыгы Эфиопиянын премьер-министри Абий Ахмедге «тынчтыкка, эл аралык кызматташтыкка жетишүүгө жасаган аракети жана коңшу Эритрея менен болгон чек ара жаңжалын жөнгө салуу боюнча чечкиндүү демилгеси үчүн» тапшырылган.

2018-жылы конголук дарыгер Денис Муквеге жана Ирактын укук коргоочусу, активист Надия Мурад Нобелдин Тынчтык сыйлыгына ээ болушкан. Муквеге сексуалдык зордук-зомбулуктун миңдеген курмандыктарына жардам бергендиги үчүн сыйланган. Надия Мурад ИШИМдин Ирактагы мусулман эмес язидий уруусундагы аялдарга карата зордук-зомбулугун дүйнөгө жар салып, аларга каршы жүргүзгөн күрөшү үчүн бул сыйлыкка татыган.

Нобель Тынчтык сыйлыгы дүйнөдөгү эң маанилүү саясий сыйлык деп эсептелинет. Бул жылы калыстар тобу БУУнун программасын 318 талапкердин арасынан тандап алды. Алардын арасында 211 адам жана 107 уюм бар. 2020-жылы Нобель сыйлыгынын өлчөмү 9дан 10 миллион швед кронуна, болжол менен 956 миң еврого көбөйтүлдү. Сыйлык тапшыруу 10-декабрга белгиленген. Швециянын борбору Стокгольмдо сыйлыктарды тапшыруу аземин аралыктан өткөрүү үчүн чектелген сандагы адамдарды алып келүүчү телестудия түзүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM