Биз менен байланышыңыз

Беларусияда дагы эки жүздөн ашык адам кармалды

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Сен 2020 | 309 | 0

20-сентябрь, жекшемби күнү Беларусиядагы нааразычылык акциясына чыккандардын 200дөн ашыгы туткундалды. Бул күнү «Адилеттүүлүк маршын» коштоп Беларусия боюнча 100 миңден ашык адам нааразычылыкка чыккан.

Беларусияда катталбаган «Весна» укук коргоо борбору кармалгандар боюнча 218 адамдын аты-жөнүн түзгөн. Алардын айрымдары үйлөрүнө бошотулду. Минск шаарында 154 адам кармалса, калган аймактарда кармалгандар алтымыш төрткө жеткен.

9-августта Беларусияда президенттик шайлоо өтүп, жыйынтыгы чыккандан кийин массалык нааразычылык акциялары башталып, бир айдан ашык убакыттан бери уланып келет. Оппозициялык талапкерлердин бардык штабдары расмий жыйынтыктарды тааныбай тургандыктарын билдиришкен.

Европарламенттин депутаттары Беларусиянын президенти Александр Лукашенконун расмий мамлекет башчысы катары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 5-ноябрда аяктай турганы айтты. Бул аталган датада саясатчынын бешинчи президенттик мөөнөтү расмий аяктай тургандыгын түшүндүрөт. Депутаттар Лукашенконун инаугурациясы 2015-жылдын 5-ноябрында болгонун эске салышат.

Copyright © 2017 Maral FM