Биз менен байланышыңыз

Sputnik V вакцинасын алган ар бир жетинчи адам даттанууда

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Сен 2020 | 335 | 0

Sputnik V вакцинасын сыноонун алкагында коронавируска каршы эмделген ыктыярчылардын болжол менен 14 пайызы алсыздыкка, дене табы көтөрүлүшүнө жана булчуң ооруларына даттанып жатат. Бул тууралуу Орусиянын саламаттыкты сактоо министри Михаил Мурашко бүгүн, 15-сентябрда журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, 300дөн ашуун адам эмдөөдөн өткөн. Алардын 14 пайызы алсыздыкка, күндүз булчуңдардын ооруп жаткандыгына нааразы болуп жатышат. Кээде дене табынын жогорулашы байкалган.

Sputnik V вакцинасын өндүрүү план боюнча жүрүп жатат.

Михаил Мурашко вакцинанын өнөр жай өндүрүшү менен Орусиянын үч ири ишканасы алектенип жаткандыгын айтты.

«Бүгүнкү күндө үч ири өндүрүүчүлөр түздөн-түз ушул багытта иш алып барышат. Бардыгы жол картасына ылайык жүрүп жатат деп ишенебиз», — деди министр.

Мурашко учурда коронавируска каршы вакцинанын биринчи партиясы Орусиянын бардык аймактарына жеткирилип жаткандыгын кошумчалады.

Алгач дарыны дарыгерлер, мугалимдер жана калк менен түздөн-түз байланышта болгон башка кесиптин кызматкерлери алышат. Мындан тышкары, параллелдүү түрдө медицина кызматкерлери дары менен иштөөгө үйрөтүлөт.

«Менин оюмча, өндүрүүчүлөр декабрь айында ири көлөмдө келе башташат. Булар бизге тобокелдик топторуна гана эмес, калкты дагы кеңири эмдөөгө мүмкүнчүлүк берет», — Мурашко.

Copyright © 2017 Maral FM