Биз менен байланышыңыз

ДССУ: Дүйнө боюнча кайрадан карантин киргизилиши мүмкүн

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Сен 2020 | 668 | 0

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Аданом Гебрейсус дүйнө жүзү боюнча кайрадан карантин киргизилиши мүмкүн экендигин билдирди.

«Биз адамдардын өмүрүн жоготтук, экономикабызды жоготтук. Дүйнөлүк экономика башаламандыкта, коомдо башаламандык болуп жатат, Европа да өзгөчө кырдаалда калган жок. Көпчүлүк өлкөлөр пандемиядан жапа чегип жатышат», — деди ал ДССУнун Европа бюросунун сессиясында.

Ал белгилегендей, учурда оорулардын саны март айындагы эң жогорку деңгээлден да жогору. Жакынкы аралыкта каза болгондордун саны аз бойдон кала берет.

«Бирок ар бир өлүм — бул трагедия. Эгерде вирустун жайылышына каршы күрөшпөсөк, анда адамдар өлөт. Карантинди кайрадан киргизүү коркунучу бар», — деди Гебрейсус.

ДССУнун Европа бюросунун директору Ханс Клюге Европада күзүндө коронавирустан өлүм көбөйүшү мүмкүн экенин белгиледи.

«Кырдаал барган сайын начарлап баратат. Өлүмдүн көрсөткүчү октябрь-ноябрь айларында жогорулайт деп күтүп жатабыз», — деди Клюге.

Буга чейин дүйнөдө акыркы суткада күнүмдүк оорунун рекорддук саны — 307,9 миң учур катталгандыгы маалымдалган.

Copyright © 2017 Maral FM