Биз менен байланышыңыз

Тажикстанда президенттик шайлоого беш талапкер катталды

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Сен 2020 | 507 | 0

Тажикстандын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын отурумунда 11-октябрга белгиленген президенттик шайлоого беш талапкер расмий катталгандыгын Азия-Плюс жазды.

Алар − аталган өлкөнүн учурдагы президенти, Элдик Демократиялык партиянын лидери Эмомали Рахмон, Агрардык партиянын лидери Рустам Латифзода, Социалисттик партиянын лидери Абдухалим Гаффоров, Коммунисттик партиянын лидери Миродж Абдуллоев жана Экономикалык реформалар партиясынан Рустам Рахматзода.

Ал эми Демократиялык партиянын лидери Саиджафар Усмонзоданы Тажикстандын президенттигине талапкер катары расмий каттоо маселеси Борбордук шайлоо комиссиясында бүгүн, 14-сентябрда каралат.

Тажикстандын учурдагы президенти Эмомали Рахмон 2015-жылдын 25-декабрынан бери «Пешвуи Миллат» наамын, башкача айтканда, «Улуттун лидери» деген наамды алып жүрөт. Төрт жолу (1994, 1999, 2006 жана 2013-жылдардагы шайлоолордо) президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен, андан тышкары 1999 жана 2003-жылдардагы жалпы элдик конституциялык референдумдардын жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктарын узартып, реформалаган.

2016-жылдын 22-майында өткөн бүткүл элдик конституциялык референдумдун жыйынтыгынан кийин, Тажикстандын президенттигине кайрадан шайлоонун санына коюлган чектөөлөр алынып салынган жана президенттикке талапкер болгондордун жаш курагы 35 жаштан 30 жашка чейин төмөндөтүлгөн.

Эмомали Рахмон быйыл 67 жашта, ал Борбор Азиядагы кесиптештерине караганда бир кыйла жаш көрүнөт. Былтыр Казакстандын Президенти кызматынан кеткен Нурсултан Назарбаев июль айында 80 жашка толду, ал эми Ислам Каримов 78 жашында көз жумду.

Рахмон Лукашенкодон (26), Владимир Путинден (20) жана Ильхом Алиевден (дээрлик 17 жаш) узак убакыт башкарган. Тажикстанда оппозиция дээрлик жок, нааразы болгондор өлкөдөн чыгып кетүүнү туура көрүшөт.

Copyright © 2017 Maral FM