Биз менен байланышыңыз

«Быйыл Бишкекке 100 автобус алуу аракети көрүлүүдө»

Кыска кабар | 12 Сен 2020 | 653 | 0

Этап-этабы менен газ менен, электр кыймылдаткыч менен иштеген автобустарга өтүү пландалууда. Бул шаардын абасынын булганышын азайтат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков «Биринчи радиого» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мэриянын эсеби боюнча, шаар ичиндеги кичи автобустарды заманбап автобустарга алмаштыруу үчүн дагы 800дөн 1000ге чейин автобус, троллейбустар керектелет.

Быйыл 100 автобус алуу аракети көрүлүүдө. Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Фонддун жардамы менен 2021-жылы 300 автобус алып келүү пландары бар.

«Бишкек шаарынын тургундарына негизги көйгөй — коомдук транспорт. Бул боюнча өкмөт, Бишкек мэриясы иш алып барып жатат. Мен толук кабардармын. Коомдук унааны жакшыртуу шаар экологиясына, баарыбыздын ден соолугубузга түз таасир этет», — деди Жээнбеков.

Copyright © 2017 Maral FM