Биз менен байланышыңыз

Күндүн сүрөтү. Мугалимдин үйүндө окуган балдар

Кыска кабар | 8 Сен 2020 | 4967 | 1

Кыргызстанда быйылкы жаңы окуу жылында 1-класстын гана окуучулары мектепке барып окуп жатышат. Ушул күндөрү көптөгөн мектеп окуучулары жана мугалимдер, ата-энелер балдарды дистанттык окутуу түйшүк жаратып жатканын айтышууда.

Мындай абалды чагылдырган сүрөт интернет айдыңына тарады. Анда балдарды онлайн окутууга мүмкүнчүлүгү болбогон мугалим окуучуларын үйүндө окутуп жатканын көрүүгө болот.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Акылбек Орозматов бул окуя такталып жатканын кабарлады.

Кошумчалай кетсек, өткөн жылы Нарын районунда контейнерден салынган убактылуу мектептин ачылышындагы сүрөт да интернет айдыңында кызуу талкууга алынган.

Дүйнөдөгү контейнерден курулган өзгөчө имараттар [сүрөт]

1 пикир

1 пикир

  1. Кенжегул

    08.09.2020 16:28

    Мен абдан каршымын мектептин ачылбашына,эмне себептен балдарыбыздын билим денгелин артка тартып онлайн окуп жатышат.Бала мектепке барбаса окуунун да кызыгы кетип эмне тема болуп жатканын 5/6минуттук тушундурмоону тушунбой эле калып кетип атышат.Балдар кайра окуугулары келбей тушунушпой калып атат.Кимдин кандай ой бар билбейм бул менин жеке оюм.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM