Биз менен байланышыңыз

Дүйнөдөгү контейнерден курулган өзгөчө имараттар [сүрөт]

Блог | 4 Сен 2019 | 1670 | 0

Курулуш иштеринде жүк контейнерлеринин популярдуулугу артып барат. Буга чейин убактылуу курулуш каражаты катары колдонулуп келсе, азыр андан ири жана олуттуу имараттар салынып баштады. Мындай көрүнүш менен жакын арада асман тиреген үйлөр да контейнерден курулуп баштайт.

Антарктидадагы Индия станциясы

Индиянын Антарктидадагы Бхарти илимий-изилдөө станциясы 134 контейнерден курулган. Бул курулуш материалы арзан жана дүйнөнүн кайсы бурчуна болбосун, жеткирүү оңой. Курулуш болгон тарапка керектүү каражаттарды, буюм, тамак-аштарды жеткирген контейнерлерди да колдоно алат эмеспи.

Жалпы аянты 2500 чарчы метрди түзгөн Бхарти станциясын курууда контейнерлер эки кабат кылып кошулган. Анда жалпы 50 адам жашаганга ыңгайлашкан бөлмөлөр, ашкана, тамактануучу жай, китепкана, машыгуу залы, кеңсе жана конок үй, ошондой эле лаборатория бар. Станция сыртынан шамалдан жана сууктан коргоочу изоляциялык металл менен капталган.

Container City – Лондондогу турак-жай комплекси
Container City контейлерлерден курулган алгачкы ири архитектуралык курулуш болуп саналат. Бул 4 кабаттуу имарат 2001-жылы 20 контейнерден салынган. Анда турак үйлөр, кеңселер жана бир нече соода түйүндөрү орун алган.

Mill Junction – Йоханнесбургдагы студенттик жатакана
Йоханнесбургдагы Mill Junction жаңы жатаканасынын негизги бөлүгүн контейнерлер түзбөйт. Бул эски имарат жакында эле студенттер үчүн оңдолуп-түздөлдү. Бирок, калыбына келтирүүдө ондогон жүк контейнери башкы каражат катары колдонулган.

Учурда аталган жатаканада Йоханнесбургдагы ЖОЖдордун биринде билим алган 375 студент жашайт. Бул курулуш кадимки технология менен курганга караганда он эсе арзан түшкөн.

ECOntainer bridge – Израилдеги көпүрө

Тель-Авивде мурунку таштанды үйүлгөн аймакты учурда паркка айлантуу аракети жүрүп жатат. Паркка израилдик кол башчы жана саясатчы Ариэль Шарондун ысымы ыйгарылган. Бул эс алуучу аймактагы эң маанилүү элементтердин бири — узундугу 160 метрди түзгөн, түстүү контейнерлерден салынган көпүрө болуп саналат.

ECOntainer bridge көпүрөсү атайын жөө жүргүнчүлөр жана велосипед тепкендерге арналган. Көпүрөдөн Ариэль Шарон паркын жана Тель-Авивдин кооздугун көрүүгө болот.

Cite A Docks – Франциядагы жатакана

Йоханнесбургдан айырмаланып, бул жактагы студенттик турак жай толугу менен контейнерден тургузулган. Ал Франциянын Гавр шаарында орун алган.

Cite A Docks студенттик шаарчасы контейнерден курулган эки имараттан турат. Анда жалпы 100 адам жашай алат. Ар биринде ашкана жана даараткананы камтыган 24 чарчы метрди түзгөн жеке бөлмөсү бар.

Tony’s Farm. Шанхай, Кытай

2011-жылы Шанхайда органикалык өндүрүм — мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү эң чоң завод ачылган. Tony’s Farmдын аянты 1060 чарчы метр, ага 78 контейнер кеткен.


Куруучулардын кесипкөйлүгүн ушундан бил: жакшылап баам салмайынча, имараттын контейнерден курулганы байкалбайт.

Sanlitun South – Пекиндеги көп тармактуу комплекс
Sanlitun South – Пекинде, жүздөгөн контейнерден куралган көп тармактуу комплекс. Соода борборлору, кеңселер, конок үйлөр жана турак-жайлар өзүнчө бир шаарча деп койсо болот.

Sanlitun South Кытайдын борборундагы ири аймакты ээлейт. Бул дүйнө жүзү боюнча контейнерден тургузулган ири курулуштардын бири.

Boxpark Shoreditch – Лондондогу соода борбору

Shoreditch High Street көчөсүндө жайгашкан Boxpark Shoreditchтин архитекторлору аны дүйнө жүзү боюнча контейнерден курулган алгачкы соода борбору деп айтып келишет. Эки кабатуу бул имарат дүйнөлүк финансылык кризис учурунда жаңы борбор ачууда жаралып турган коркунучту азайтуу максатында пайда болгон.

Boxpark Shoreditch борборунун биринчи кабатында ар кайсы бренддеги соода түйүндөрү орун алган. Экинчи кабатта тамактануучу жайлар жана кооздолгон ачык терраса бар.

Лондондогу CitizenM отели

Контейнерлерден куралган дагы бир ири курулуш Британиянын борборунда орун алган. CitizenM London – Темза дарыясынын жээгинде орун алган өтө кымбат эмес конок үй.

Аталган конок үйдүн бөлмөлөрүн сезонго жараша өзгөртүүгө ыңгайлуу. Ал эми кызмат көрсөтүүсү 3 жылдыздуу отелдердин бийик деңгээлине дал келет.

Platoon Kunsthalle – Берлиндеги коомдук борбор

2012-жылдын июль айында Берлинде 33 жүк контейнеринен курулган өзгөчө коомдук борбор ачылган. Platoon Kunsthalle – бул, ар кандай маданий иш-чараларды уюштуруучу, көргөзмө, концерт, лекция, семинар, видеокөрсөтүүлөр жана башка кызыктуу жыйналыштарды өткөрүүчү жер болуп саналат.

Төрт кабаттуу имарат жалпы 2 миң чарчы метрден ашык аянтты ээлейт. Мындай коомдук жай кийинчерээк Сеулда да пайда болгон.

Бонус
Hive-Inn – контейнерден курулган көп кабаттуу имарат

OVA Studio архитектуралык компаниясынын долбоору боюнча Гонконгдо курулуп жаткан Hive-Inn аталышындагы имаратты атайын бонус катары коштук. Азырынча бул планда гана, бирок жакында курулуш башталары күтүлүүдө. Бул дүйнө боюнча алгачкы контейнерлерден курулган асман тиреген көп кабаттуу имарат болмокчу.


Внутри Hive-Innдин ичинде конок бөлмөлөр, турак үйлөр, кеңселер, соода түйүндөрү, ошондой эле кырсыкка кабылган же үйсүз калгандарды убактылуу кабыл алуучу жайлар орун алат. Алдын ала план боюнча имараттын кабаттары керектөөгө жараша азайтып же көбөйтүүгө ыңгайлаштырылат.

Copyright © 2017 Maral FM