Биз менен байланышыңыз

Суваналиев: Турсунбай Бакир уулунун арызы жөн гана шылтоо болуп берди

Кыска кабар | 4 Сен 2020 | 662 | 0

«Бүтүн Кыргызстан» партиясын шайлоодон четтетүү атайын жасалды». Мындай пикирин аталган партиядан талапкер саясатчы Өмүрбек Суваналиев маалымат жыйын учурунда айтты.

Суваналиевдин пикиринде, «Бүтүн Кыргызстан» партиясын шайлоого катыштырбай коюуга айрым башка партиялардын кызыкчылыктары болгон. «Турсунбай Бакир уулунун берген арызы бул жөн гана шылтоо болду. Бизди тизмеден чыгарып салууга эч кандай негиз жок болчу»-деп кошумчалады Суваналиев.

Ал ошондой эле, бул маселе боюнча «Бүтүн Кыргызстан» партиясы сотко кайрыла тургандыгын жана миңдеген шайлоочулардын укугун коргоого аракет кылабыз,-деп билдирди.

Белгилей кетсек, Турсунбай Бакир уулу «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан саясатка аттанганын, бирок партия БШКга документ тапшырууда курултайда бекитилген тизмени эмес, башка тизмени бергенин айтып арыз жазган. Ал партияны аны тизмеден артка жылдырып койгон деп күнөөлөгөн болчу.

Copyright © 2017 Maral FM