Биз менен байланышыңыз

Жаан жаайт: 3-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 2 Сен 2020 | 452 | 0

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, эртең, 3-сентябрда республиканын тоолуу аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +22…+27;

Таласта түнкүсүн +10…+15, күндүз +21…+26;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +25…+30;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +19…+24;

Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +19…+24.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Эртең менен жана күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге жетет.

Абанын температурасы түнкүсүн +16…+18, күндүз +24…+26 градуска жетет.

Copyright © 2017 Maral FM