Биз менен байланышыңыз

Zoom сервисинин түзүүчүсү бир күндө 5,2 млрд долларга байыды

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Сен 2020 | 554 | 0

Пандемиядан улам көпчүлүк онлайн форматка өтүп, Zoom видеоконференция сервиси көп колдонулганына байланыштуу анын баалуулугу өскөн.

Bloomberg билдиргендей, сервистин түзүүчүсү жана директору Эрик Юань «Зумду» колдонгондор көбөйүшү менен бир күндө 5,2 миллиард долларга байыган. Эрик Юандын бүгүнкү күндөгү кирешесинин жалпы суммасы 22 млрд долларды түзүүдө.

Пандемия учурунда эң көп пайда тапкандар 255 миллиард долларга чейин байышкан. Соңку маалыматтар боюнча, алардын катарында Facebookтун түзүүчүсү Марк Цукерберг да бар.

Ал эми Zoom видео баарлашуу кызматы эң көп колдонулган 100 компаниянын башкы сабынан 2-тизмеден орун алган. Акыркы күндөрдө компаниянын активдүүлүгү 4 пайызга көбөйүп, акциянын баалуулугу 32 пайызга өскөн. Бир жыл ичинде бул пайыз 355ке же 664 млн долларга чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Эгерде тенденция ушул калыпта уланса, Эрик Юандын байлыгы бат эле 20 миллиард доллардан ашары күтүлүүдө.

Zoom пандемиядан улам үйдө отуруп калып, бирок дистанттык түрдө болсо да жумушун улантып жаткандар үчүн маанилүү аянтча түзүп берди. Учурда бул тиркеменин 370 миңден ашык компания-кардарлары бар, бул былтыркы жылга салыштырмалуу 5 эсеге көп. Колдонуучулардын миңге жакыны байланыш үчүн ай сайын 100 миң доллардан ашык каражат кетирет.

Zoom пандемия учурунда популярдуу болуп, ага болгон талап Кыргызстанда дагы күч алганы белгилүү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM