Биз менен байланышыңыз

Токаев мамкызматкерлердин санын азайтууну сунуштады

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Сен 2020 | 486 | 0

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Стратегиялык пландоо жана реформалар боюнча агенттик түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктар кызматы жазды.

Казак президенти 1-сентябрда парламентте элге кайрылуу жолдоп жатып, бул органды «реформалар боюнча жогорку президенттик кеңеш» деп атап, ал түзмө-түз өзүнө баш ийерин билдирди. Токаевдин айтымында, агенттиктин курамына Статистика комитети кириши керек.

Ал мындан тышкары түзмө-түз президентке баш ийген атаандаштыкты коргоо боюнча агенттик түзүүнү да демилгеледи.

Бул арада Токаев мамлекеттик кызматкерлердин санын быйыл 10%, келерки жылы 15% кыскартууну сунуштады. Анын айтымында, мамлекеттик кызматкерлердин айлык акысы жогорулайт.

Токаев жыл аягына чейин министрликтердеги жооптуу катчылар институтун жоюу зарылдыгын белгиледи. Бул кызмат 2007-жылы мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин тушунда пайда болгон. Өкмөт отставкага кетсе да катчылардын ыйгарым укуктары токтотулган эмес.

— Бул институтту киргизген кезде жооптуу катчылар алмаштырылгыс болсо, министрлер административдик-кадрдык жумуштан бошоп, аппараттын туруктуулугу камсыз болот дегенбиз. Бирок андай болгон жок. Министрлер менен жооптуу катчылар арасында пикир келишпестиктер болду. Анын кесепети жалпыбызга тийди, — деди ал.

Токаев өлкө мамлекеттик башкаруунун «жаңы үлгүсүнө» муктаждыгын айтты.

Copyright © 2017 Maral FM