Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады.
«Коронавирус инфекциясы күч алган соң, Кыргызстан менен Кытай бири-бирине колдоо жана жардам көрсөтүп келе жатат, эпидемия менен биргеликте күрөшүүдө жемиштүү кызматташтыкты жүргүзүүдө. Бул кыргыз-кытай ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелеринин жогорку деңгээлин толук чагылдырат. Эки өлкөнүн эли жалпы күч-аракеттеринин негизинде COVID-19 эпидемиясын кыска мөөнөттө сөзсүз жеңерибизге ишенем.
Кыргызстан менен мамилелерди өнүктүрүүгө абдан көңүл буруу менен эки өлкөнүн жана элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн ар тараптуу кыргыз-кытай стратегиялык кызматташтыгын Сиз менен биргеликте алдыга жылдырууга даярмын», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Си Цзиньпин дос мамиледеги Кыргызстанга өсүп-өнүгүүнү, ал эми кыргыз элине бакыт жана тынчтык каалады.