Биз менен байланышыңыз

Акрам Мадумаров Өзбекстандын өкмөт башчысы менен жолугушту

Кыска кабар | 27 Авг 2020 | 435 | 0

26-августта Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров Ташкент шаарына жасаган жумушчу сапарынын алкагында Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өзбекстандын өкмөт башчысы эки өлкө ортосундагы бир катар багыттар боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыктын өнүгүп жаткандыгын белгиледи.

Анын айтымында, эки мамлекет жетечикчилеринин саясий эркине жараша акыркы мезгилде эки тараптуу кызматташууда чоң өзгөрүүлөр орун алды.

Алар эки өлкө кызматташтыгын, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын иши жөнүндө талкуулашты. Мындан сырткары соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана чек ара кызматташтык маселелери талкууланды.

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров меймандостук жана жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM