Биз менен байланышыңыз

Орусия Өзбекстанга орус тили сабагынан 30 мугалим жөнөтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Авг 2020 | 625 | 0

Өзбекстан менен Орусия биргеликте баштаган билим берүү долбоорун ишке ашырууда. Долбоордун алкагында 2020-жылы Өзбекстанга Орусия мамлекетинен 30 мугалим жөнөтүлүп, алар 14 аймакта иш алып барышат.  Бул тууралуу Орус мамлекеттик педагогикалык университетинин басма сөз кызматы кабарлаган.

Долбоордун катышуучулары орус тили сабагынан билимин текшерүү максатында түзүлгөн тест аркылуу тандалат. Педагогдордун профессионалдык деңгээли дагы бааланат.

Адистерди 28-августка чейин кабыл алат.

Катышуучуларга төмөнкү талаптар коюлат: жер которууга даяр болуу, профилдик билим, орус тили жана адабиятынан иш тажрыйбасы.

Жаш курагы чектелүү: 64 жашка чейин.

Өзбекстанга жөнөтүүнүн алдында бардык мугалимдер Герцен атындагы Орус мамлекеттик педагогикалык университетинде орус тили жана адабияты предметинен окутууларга катышат. Ал жакта өзүнүн профессионалдык жактан билим деңгээлин, жөндөмдүүлүгүн жакшырта алат. Тренинг аяктагандан кийин, бардык мугалимдер Өзбекстандын калкы көп жайгашкан 14 аймагына жөнөтүлөт.

Даярдаган: Махбуба Сайпилаева

Copyright © 2017 Maral FM