Биз менен байланышыңыз

Монголияда сутка ичинде COVID-19 оорусун жуктурган жаңы учур катталган жок

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Авг 2020 | 406 | 0

Монголияда сутка ичинде COVID-19 оорусун жуктурган жаңы учур катталган жок. Бул тууралуу Жугуштуу ооруларды изилдөө улуттук борборунун  мониторинг жана изилдөө бөлүмүнүн башчысы Амбасэлмаа кабарлады.

24-август күнү Монголияда коронавирус илдетин аныктоо үчүн 1011 тест тапшырылып, бардык тесттин жыйынтыгы терс көрсөткүчтөрдү көрсөттү.

Монголияда COVID-19 илдетин жуктурган жалпы 298 учур катталган. Анын ичинен 289 адам сакайып, болгону 9 адам дарыланууда. Ал эми аталган вирустан каза болгон учур каттала элек.

Коронавирус жуктурган 9 адамдын ичинен 8 бейтапта оору жеңил формада өтүүдө.  Дарыгерлердин айтуусунда, 1 адамдын абалы оор.

Copyright © 2017 Maral FM