Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Борбор Азиядагы абал кандай?

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Авг 2020 | 556 | 0

Кыргызстанда акыркы суткада covid-19 инфекциясынан 1 адам каза болду. Мындай учур Бишкек шаарында катталды.

24-августка карата бир сутка ичинде 103 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Ошондой эле акыркы суткада 218 адам илдеттен сакайып чыккан.

Өлкө боюнча коронавирус менен катталгандардын жалпы саны 43 миң 126 адамды түздү. Анын 36 миң 615и айыккан.

Акыркы сутканын ичинде Тажикстандын аймагында коронавирус менен жаңы 34 бейтап катталды. Республикалык бирдиктүү порталдагы маалымат боюнча, бир суткада 36 адам ооруканадан чыккан. Адам өлүмү катталган жок.

Муну менен Тажикстанда бейтаптардын жалпы саны 8311 адамга жетти. Алардын ичинен 7108 адам айыккан. Оору жуккандан кийин 66 бейтап көз жумду.

Өзбекстанда 23-августта коронавирус 414 адамдан аныкталды. Бир сутка ичинде Ташкентте 6 бейтап көз жумган.

Ал эми 411 адам айыгып, ооруканалардан чыгарылган. Муну менен Өзбекстанда жалпы 38 946 адамга коронавирус жугуп, алардын ичинен 34 987 адам айыкты. Бул көрсөткүч 89 пайызды түзөт.

Оору жуккандан кийин 273 адам көз жумган.

Казакстанда дагы 175 адамга коронавирус жукту. Алардын ичинен 68 адам ооруну белгилери жок алып жүрөт.

Расмий маалымат боюнча, коронавирус менен жалпы 104 миң 718 адам катталган. Алардын ичинен 92 миң 598 адам айыкты. Оорунун кесепетинен 1415 адам көз жумган.

Copyright © 2017 Maral FM